www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин опузалап пара алууга шек саналып кармалган өкүл баласы үй камагына чыгарылды.
Маалыматты Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз кызматы ырастады.
Шектүүнү үй камагына чыгаруу токтомун Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы 29-апрелде кабыл алып, үй камагынын мөөнөтүн 29-майга чейин деп аныктаган.
УКМКнын басма сөз кызматы өткөн айда өкүл бала И.А.К. Ташиев менен мамилесине жамынып ишкерден опузалап акча талап кылды деп кармалганын билдирген.
Ал жана Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагынын кызматкери ишкерден 120 миң сом акча талап кылганы аныкталганын, 90 миң сом алып жаткан жеринен кармалганын кабарлаган.
Шектүүлөрдүн аты-жөнү айтылган эмес. Алар тараптан комментарий боло элек.
Булак: NazarNews.kg