www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
КР УКМК өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан чаралардын алкагында, 2022-жылдын 17-майындагы сотко чейинки өндүрүштүк материалдардын негизинде, КР Кылмыш-процессуалдык кодекстин 96-беренесине ылайык «Транс Эксперт» ЖЧККнын жетекчилери И.Б.К. жана М.Э.С. кармалышты.
Такталгандай, аталган адамдар 2021-жылдын апрель айынан октябрь айына чейинки убакта «Торугарт» көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу өткөн Кытайдан келген оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан мыйзамсыз түрдө акча каражатын чогултушканы такталды.
Мындан тышкары, көрсөтүлгөн жеке компаниянын жетекчилери материалдык пайда алуу максатында ар бир айдоочунун ар бир каттамы үчүн 50 АКШ доллар чогултуп турган, эгер андай кылбаса жүксүз жана жумушсуз калышарын айтып коркутушканы тергөө иштеринде аныкталды.
Ошону менен бирге, аталган кармалган адамдар оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына шарт түзүп берүү шылтоосу менен жалпысынан 150 миң АКШ доллар акча каражатын алышкан.
Учурда колдонуудагы мыйзамдардын алкагында тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Булак: NazarNews.kg