www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ташкент мэриясынын аппараты май айында тендер өткөрүп, 96,4 миң долларга Шавкат Мирзиёевдин 4965 сүрөтүн сатып алган. Бул тууралуу аталган өлкөнүн мамлекеттик сатып алуулар сайтында айтылат.

Тендерди Kolorpak компаниясы жеңип алган. Компания эки өлчөмдөгү: 59×71 сантиметр болгон 2894 портретти 19 доллардан, 49×42 сантиметрлик 2071 портретти 13,5 доллардан даярдап берген.

Gazeta.uz сайтынын маалыматына караганда, буга чейин Kolorpak компаниясы алты миллион даана "Тарбия" китебин жана эки миллион даана информатика китебин басып чыгаруу боюнча тапшырык алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости