www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ташкенттин Зангиата районунда коронавирус пандемиясы маалында бейтаптарды кабыл алуу үчүн 10 миң орундуу инфекциялык оорукана курулууда. Долбоорду ишке ашырып жаткан Enter Engineering компаниясынын маалыматына караганда, жаңы медициналык мекеменин негизги бөлүгү майдын башында пайдаланууга берилет. Бул тууралуу маалыматты Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты. 

«Мекеме түрдүү ооруларды жуктуруп алгандарды жаткыруу, ошондой эле чет өлкөдөн келип, карантинге алынышы керек болгон Өзбекстандын жарандарын жайгаштыруу үчүн пайдаланылат», — деди компаниянын башчысы Шохрух Саттаров.

Марттын аягында Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус жуктуруп алган адамдарды дарылоо үчүн өлкөдө бир нече оорукана куруларын билдирген. Расмий маалыматтар боюнча 23-апрелге карата Өзбекстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 1736га жетип, алардын ичинен жетөө каза болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости