www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ташкентте эки автобус күйүп кетти

Бүгүн, 26-февралда Ташкент шаарында жүрүп бараткан эки автобустан өрт чыкты. Кырдаалга “Тошшахартрансхизмат” комментарий берди.

Биринчи окуя саат 8:24тө «1-Автобус Сарайы» филиалына тиешелүү Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү автобус менен болгондугу аныкталган. "Жумабозор Кургани - Авиасозлар АШБ" каттамында бара жаткан№174 автобустун тормоз системасынын бузулушунан улам өрт чыккан.

"Окуя болгон жерге ФВВ Өрт-куткаруу бөлүмүнүн ыкчам тобу тартылып, өрт кыска убакытта өчүрүлдү. Бул окуянын кесепетинен жабыркагандар жок", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле бул автобус 2013-жылы чыгарылганы жана менчикке берилгенден бери 862 миң 425 км жол жүргөнү маалымдалган.

Маалым болгондой, учурда «Тошшахартрансхизмат» ААКнын өндүрүштүк-техникалык бөлүмүнүн кызматкерлери кызматтык текшерүү жүргүзүүдө.

Экинчи өрт 26-февралда саат 8:20да 33-маршруттук каттамда бара жаткан Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү автобуста болгон. Кырдаал боюнча “7-автобус сарайынын филиалынын” жетекчиси Нодирхан Хожаев видео маегинде 33-маршрутта каттаган автобуста кыска туташуу болуп жатканын билдирди. Бирок тармактарда тараган видеодо автобустун күйүп жатканы ачык көрүнүп турган.

Маалым болгондой, учурда унаа автобазага алынып келинип, бузулуунун себептери техникалык кызматкерлер тарабынан иликтенип жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости