www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эльдор Миралиев «карактоо» жана «алдамчылык» беренелери боюнча айыпталууда. Айыптоо корутундусуна ылайык, ал алдамчылык жол менен ишкер Гафур Рахимовдун бир нече миллион долларлык мүлкүн, анын ичинде 200 миң доллар турган «Mercedes-Benz Maybaсh» үлгүсүндөгү автоунаасын тартып алган. Миралиев мындан тышкары Шерзодхожа Аббасхожаев аттуу дагы бир ишкерден алдамчылык жол менен 300 миң доллар алып, кайтарып берген эмес деп айыпталууда.
Эльдор Миралиевдин туугандары ал ишкер Рахимов менен президент Шавкат Мирзиёевдин ортосундагы пикир келишпестиктин курмандыгы болуп калганын билдиришүүдө.
— Бир тууган Миралиевдер белгилүү ишкер Гафур Рахимовдун бизнес өнөктөшү болушкан. 2016-жылы Рахимов президент Мирзиёевге спорт-арена жана президенттик мектеп курам деп убада берген. Бирок бул убадасын аткара албай калгандан кийин, бизнес-өнөктөштөрү Эльдор жана Ойбек Миралиевди күнөөлөп чыккан», — деп билдиришти ишкердин туугандары.
Ишкер Гафур Рахимов 2016-жылы сентябрда Интерполдун, 2018-жылы июлда Өзбекстан Ички иштер министрлигинин издөөсүнөн чыгарылып, мекенине кайтып келген.
Ойбек Миралиев Өзбекстанда үй канаттууларын баккан эң ири ишкерлердин бири катары белгилүү. 2017-жылы президент Шавкат Мирзиёев анын Ташкенттеги канаттуулар фабрикасына барып, ишкерди мактап кеткен, деп Борбордук Азия жаңылыктары жазды.
Булак: NazarNews.kg