www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги бул өлкө аркылуу эвакуацияланып бара жаткан ооганстандык качкын келин Ташкентте көз жарганын кабарлады. Бул тууралуу "Азаттыктын" өзбек кызматы жазды.

"22 жаштагы келин аман-эсен уул төрөдү. Ымыркайдын салмагы 3 кг 840 грамм. Азыркы тапта жаш эне баласы менен төрөтканада, дарыгерлердин көзөмөлүндө", - деп билдирген министрлик.

Белгилей кетсек, буга чейин Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги Ташкент аэропортунан эки миңге чукул ооганстандык качкын эвакуацияланганын кабарлаган.

Эске салсак, 15-августта талибдер Ооганстанда бийликти басып алган. 100 миңдеген жайкын тургун өлкөдөн качууга аргасыз болгон.

Ал эми дүйнөнүн 12 өлкөсү ооган качкындарына транзиттик аймак болуп берүүгө даяр экенин билдиришкен. Алардын арасында Өзбекстан да бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости