www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ташкенде Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жыйыны башталды. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги кабарлады. Бул жолугушуу 15-16-сентябрда Самаркандда өтө турган ШКУнун саммитине даярдыктын акыркы этабы. Кыргызстан делегациясын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев жетектеп барды.

Өзбекстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Владимир Норов бул мамлекеттин төрагалыгы астында 70тен ашуун ири иш-чара өткөнүн, алар "ШКУнун жаңы этабында көп кырдуу кызматташуунун зор потенциалын толук ачууга багытталганын" билдирди.

"Бул биринчи кезекте өнөр жай кооперациясы, аймактык соода, транспорттук байланыш, инновациялар, жакырчылыкты кыскартуу, санариптик трансформация жана жашыл экономика сыяктуу популярдуу багыттарда кызматташуу", — деди Норов.

Ал белгилегендей, пандемиядан кийинки кыйынчылыктарга карабастан, ШКУ түз байланыш үчүн натыйжалуу аянтча бойдон калууда. "Биздин уюмдун эбегейсиз потенциалын ишке ашыруунун эң эффективдүү жолу – бул реалдуу кызматташтыкты активдештирүү", — деди дипломат.

Мындан тышкары, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев министрлер жана ШКУнун баш катчысы Жонг Мин менен жолукту. Алар көп тараптуу кызматташуунун артыкчылыктуу милдеттерин, уюмдун өнүгүү келечегин талкуулашты, Өзбекстандын төрагалыгы учурундагы биргелешкен иштердин жыйынтыгына өзгөчө көңүл бурулду. Жолугушуунун катышуучулары эл аралык жана аймактык маанидеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости