www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Шанхай кызматташтык уюмунун Регионалдык антитеррордук борборунун (РАТБ) аткаруу комитетинин директору Уларбек Шаршеев менен Өзбекстандын тышкы иштер министри Бахтиер Саидов учурда коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты, деп билдирет "Дунё" маалымат агенттиги.
Бул тууралуу Өзбекстандын тышкы иштер министри өзүнүн Telegram-каналына дагы жазды.
"Бүгүнкү күндө коопсуздук, туруктуулук жана кепилденген үзгүлтүксүз өнүгүү темалары өтө орчундуу. Биз жалпы гүлдөп-өнүгүүнү камсыз кылуу үчүн өнөктөштөрүбүз менен жигердүү кызматташууга умтулабыз. Жолугушуунун жүрүшүндө биз курчап турган көйгөйлөрдү чечүүнүн эң натыйжалуу жолдорун талкууладык", – деп жазды.
Эске сала кетсек, Кыргызстандын 49 жаштагы өкүлү Уларбек Шаршеев ШКУ РАТБнын Ташкенттеги аткаруу комитетинин директору болуп үч жылдык мөөнөткө дайындалган. 2025-жылдын 1-январында ал Өзбекстандын өкүлү Руслан Мирзаевдин ордуна келген.