www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экс-акыйкатчы Турсунбек Акундун Кыргызстандагы 2022-2023-2024 жылдардагы адам укугунун абалы тууралуу баяндамасы.
Төмөндө текст өзгөртүүсүз берилди.
Кыргызстандагы адам укугунун жана эркиндигинин акыркы үч жылдагы абалына токтолуу менен Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров башында турган бийлик төрт жылга чукул аралыктын ичинде өлкөбүз жана жарандар үчүн адам укугунун корголушуна жана жакшырышына өз таасирин тийгизген көп жакшы иштер жасалганын да белгилеп кетүү биздин милдет.
Элибиздин баш мыйзамы болгон Конституция кайрадан жазылып, Президенттик башкаруу орноп, ал үчүн референдум да өткөрүлүп, Курултай институту киргизилип, элибиздин социалдык, экономикалык абалы жакшырып, коргонуу мумкүнчүлүктөрү чыңдалып, мурда бүтпөгөн объектер бүткөрүлүп, бардык тармакта тийиштүү реформалар болуп, өлкөдө тартип орноп, бийликке деген элдин ишеними күчөп жатканы жакшы көрүнүш.
Коррупцияга каршы күрөш да бир топ жакшы натыйжаларды берип, журналисттер атайын иликтөө жүргүзүп, алардын коррупциясынын бетин ачып жатканына карабастан, мурда эч жазаланбай жана кол тийгис болуп келген байлар казынага 5 миллиарддан ашык акчаларын төгүп, тиешелүү жазаларды алып жатышы жакшы жетишкендик болуп эсептелет.
Кээ бир олуттуу кемчиликтерге карабастан уюшкан криминалдарга каршы күрөш да чечкиндүү жүргүзүлүп, алардын 40 дан ашыгы камакка алынып, сот жообуна тартылып, мамлекеттин эсебине 1 млрддын сомдун айланасында акча төгүп бериши бул багыттагы күрөштө жакшы жышаан деп эсептесе болот. Тилекке каршы, буга чейинки бийлик башында тургандардын кээ бири криминалдарга каршы күрөшүүнүн ордуна, алар менен коюн колтук алышып, өзүлөрүнүн каршылаштарын өлтүртүп, криминалдарды бийликке жетүүнүн куралы катары пайдаланып келгени өкүнтөт.
Бирок ушундай жакшы иштердин бардыгын демократиялык жетишкендиктерди чектеп, адам укугун тебелеп, Конституцияны жана мыйзамдарды одоно бузуп, сөз эркиндигин муунттуу аркылуу жасалып жаткандыгы түп тамырынан туура эмес экендигин ачык билдиребиз.
Эми адам укугунун жана эркиндигинин төмөндөгүдөй бузулган тармактары боюнча кеңири токтолуп кетели:
Өкмөттүк эмес уюмдардын жана жарандык активисттердин укуктары
Адам укугунун одоно бузулушунун башаты 2022-жылдын октябрь айында Кемпир-Абад ишине байланыштуу саясатчылардын, коомдук ишмерлердин, укук коргоочулардын, журналисттердин күтүүсүздөн кармалып, камалышы болду. Аларды өз пикирин эркин билдирип жана тынч чогулгандыгы үчүн күч колдонуп кармап, камап, мыйзамсыз тергөө жүргүзүп жана камоо боюнча чечим чыгарган укук коргоо жана сот органдарынын мыйзамсыз аракети Конституциянын жана “Адам укуктарынын жалпы декларациясынын” талаптарына каршы келээри тууралуу биз Президентке, Жогорку Кенешке жана Башкы Прокурорго бир нече ирээт эскертип, кат менен кайрылып, кыргыз коомчулугуна да билдирген элек.
Кемпир-Абадчыларды бошотуу боюнча онго чукул коомдук чогулуштарды уюштуруп, ага бийликтин өкүлдөрүн чакырып, коомдук талкуу кылып, бардык маселени диалог жолу менен чечүүгө катуу аракеттерди көрдүк. Тилекке каршы, биздин мындай аракетибиз өлкөнүн Президенти жана башка бийлик бутактары тарабынан колдоого алынган жок. Тескерисинче, кээ бир чиновниктер коомчулуктун чогулуштарын өткөрүүгө түрдүү жолдор менен тоскоолдук кылып келгени бизди таң калтырат.
Биз Кемпир-Абад же башка фактылар боюнча кармалып камалган жарандардын баарын жактоодон жана аларга жан тартуудан алысбыз. Кээ бир саясатчылар жана жарандык активисттер 2022-жылдын октябрь айына чейинки болуп келген эркиндиктен ашыгы менен пайдаланып, мамлекет жетекчилеринин кадыр-баркына жана аброюна катуу шек келтирип, аларды түрдүү сөздөр менен бир жактуу каралап келген учурлары да болгон.
Мындан тышкары, берилген демократиядан жана адам укугунан ашыкча пайдаланып, жума сайын пикет, митинг өткөрүп, имараттарды курчап, анан миңге чукул адам чогулса эле Президенттин, Премьердин же башка чоң даражалуу чиновниктин кетишин талап кылып чыккан учурлары тез-тез болгонун тана албайбыз.
Кээ бир жарандык коом жана “активистмин” дегендер тарабынан жасалган мына ушундай туура эмес, адепсиз аракеттер демократиянын жана адам укугунун ушундай оор абалга жетишине түрткү болгонун да жокко чыгара албайбыз.
Эми мурда пикет, митинг, жүрүш кылган өздөрүн “активист” активист атагандар, Президенттерди сындап, ошол кездеги демократияга жана адам укугуна жамынып аттарын чыгарып алышып, эми азыркы бийликтин курамына кирип, бизнес кылып, сайрандап жүргөнүнө күбө болуудабыз. Алар бийликте эле турбастан, бир убакта өзүлөрү “туу кылып жүргөн” демократияны муунтуга салым кошуп жатканына далил болуудабыз. Бул өтө өкүнүчтүү иш. Мисалы: 2022-жылы октябрь айында Президент Садыр Жапаров Кемпир-Абад ишине байланыштуу өз командасы менен аны сындап жаткан саясатчыларды, жарандык активисттерди жана ошол региондордун өкүлдөрүн катыштырып эски Ак үйдө чоң жыйын өткөрдү.
Президент жана анын чек ара боюнча командасы Кемпир-Абадды Өзбекстанга туура берип жаткандыгын айтып, картаны көргөзүп, далилдегенге аракет кылышты. Анан оппозиция өкүлдөрүнө да сөз берилип, алар да өз аргументтерин айтышты.
Мына ошол маалда кээ бир жарандык коомдун өкүлдөрү өзүнүн далилдүү аргументтерин көрсөтүүнүн ордуна Президентке асылып, аны көз-көрүнөө мазактап, өзүнүн ашыкча кыймылдары менен ачык эле шылдыңдап жатканына ошол жерде отургандар күбө болдук.
Анан үч күндөн кийин бийлик тарабынан биз сөз кылган массалык камоолор башталды. Бийлик өкүлдөрү өз жарандарына өчөшүп, аларды камоолорго барбай, демократиялык жолдон тайбаш керек эле.
Бирок жарандык коомдун өкүлдөрү да оозуна келгенди сүйлөп, мамлекет башчысын мазактап, бийликти бир жактуу каралап, чектен чыккан кадамдарга барганы демократияга чоң зыяны тийээрин эми сезип жатышса керек.
Чек араны чечүү боюнча буга чейинки бир да Президент конкреттүү аракеттерди көргөн эмес. Аларга салыштырмалуу Президент Садыр Жапаров чек ара маселесин чечүү боюнча чечкиндүү кадамдарга барып, бул ишти УКМК нын төрагасы Камчыбек Ташиевге тапшырып, ал чек ара ишин чечүүгө баш оту менен киришип жатып, Президент экөө Өзбекстан менен чек араны толук чечүүгө жетише алышты.
Тажикстан менен дагы чек ара маселеси дээрлик чечилип калды. Мына нооруз айына чейин чек араны эки мамлекет тең кол коюп бүтүрүү жагын катуу аракет кылып жатышканы кубантат. Эгер чек ара маселеси чечилсе, жүздөгөн адамдардын өмүрүн алган чек ара чыры токтоп, эки бир тууган элдин ортосундагы жаңжалдар болбой, элибиз тынчтыкта жашап калууга жакшы шарт түзүлөт.
2024-жылы 14-июнь күнү Бишкек шаарынын 1 май райондук сотунун Кемпир-Абад окуясы боюнча кармалган жана камакта жаткан 27 адамды “кылмыш курамынын жоктугуна байланыштуу акталсын” деген чечими, демократияга кошкон чоң салым болуп калды.
1 май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыковдун мындай адилет чечими жарандардын сотторго деген ишенимин кайра жандандырды.
Массалык маалымат каражаттары жана журналисттердин укуктары.
Ал эми 2022-жылы 23-ноябрында Бишкек шаардык сотунун иликтөөчү журналист Болот Темировду өлкөдөн күчтөп чыгаруу боюнча чечими да “Адам укуктарынын жалпы декларациясынын” 3, 9, 10, 11, 12, 13-беренелеринин жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 29, 30, 31, 32 беренелерин одоно бузуу болуп саналат.
Көп жарандар кылмыш кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү: “Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыкка, ошондой эле жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар” деген беренеси менен жоопко тартуу модага айланганы өкүнүчтүү.
Мына ушул беренелер менен 2022-жылы 1-июлда Адилет Али Мыктыбек(Адилет Балтабай), 25-август 2023-жылы Олжобай Шакир сыяктуу адабиятчылар, ондогон блогерлер, 20-март 2024-жылы Аскат Жетиген сыяктуу акындар, Илимдер Академиясынын жаш кызматкери Жоомарт Карабаевдер камалып, акыры алардын сот жообуна тартылып, жаза алышы Конституциянын жана мыйзамдардын одоно бузулушу болуп саналат. Алар өз пикирин эркин билдиргени үчүн сот жообуна тартылбашы керек болчу.
2022-жылы Азаттык радиосунун сайтын эки айга бөгөттөө боюнча Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин чечими демократияга жана адам укугуна урулган соккулардын бири болгон. Эгерде жогору жактан көрсөтмө бербесе, министрлик мындай кадамдарга өз алдынча бара албай турганы ачык иш.
2023-жылы 23-январда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медианын” жалпыга маалымдоо каражаты катары ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен Бишкектин Ленин райондук сотуна кайрылуусу, бул азыркы бийликтин дагы мурдагылардын катасын кайталап жатканынан кабар берген эле. Акыры коомчулуктун миңдеген угармандарынын жана көрөрмандарынын колдоосу менен бийликтин Азаттыкты жабуу аракети орундалбай, акыры артка кайтууга мажбур болушту. Бул дагы демократиянын жеңиши болуп саналат.
Ал эми 2024-жылдын январь айында укук коргоо органдары тарабынан 11 журналисттин үйлөрүнөн кармалып камалышы, кыргыз коомчулугун дүрбөлөңгө салган окуя болду. Бул боюнча аларды бошотуу өтүнүчү менен Президентке кайрылып, аларды бошотууга көмөк көрсөтүүнү сурандык. Бирок биздин кайрылуубуз Президент тарабынан жоопсуз калганы өкүнтөт.
Тилекке каршы, 2024-жылы октябрь айында Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун чечими менен 11 журналисттин ичинен Махабат Тажибек кызы 6 жыл, Азамат Ишенбеков 5 жыл мөөнөт менен сот жообуна тартылды. Актилек Капарова менен Айке Бейшекеева пробация жолу менен 3 жыл мөөнөткө жаза алганы өкүнүчтүү.
Махабат Тажибек кызы өлкөдөн күчтөп чыгарылган Болот Темировдун жубайы экендигин белгилеп, укук коргоо органдары тарабынан Болот Темировдун үй-бүлөөсүнө ачык куугунтуктоо болуп жаткандыгын коомчулук көрүп эле турат.
Ал эми калган 7 журналисттин толугу менен акталышы жана сот залынан бошотулушу жакшы көрүнүш болуп саналат. Эми ал акталган журналисттерди көп убакытка кармаган тергөөчүлөр жана соттогон соттор кандай жаза алаары азырынча белгисиз? Кыргызстандын тарыхында тергөөчүлөр жана соттор өзүлөрүнүн жасаган мыйзамсыз иштери боюнча жаза албай келгени өкүнүчтүү.
2024-жылы 15-январда УКМК нын кызматкерлери тарабынан 24.kg интернет басылмасынын кеңсеси тинтүүгө алынып, Башкы директору жана шеф-редактору суракка чакырылып, басылма “Согушту жайылткан” делип кылмыш кодексинин 407 беренеси менен күнөөлөнүп, редакциянын офиси жана мүлктөрү камакка алынып, акыры жетекчилиги алмашуу менен аяктады.УКМКнын мындай аракети Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 29 жана 32-беренелерин жана “Адам укуктарынын жалпы декларациясынын” 5, 18, 19 беренелерин одоно бузуу болуп саналат.
2024-жылы 9-февралда октябрь райондук соту “Kloop Media” медиа булагын жабуу боюнча чечим кабыл алганы дагы адам укугун бузуп, сөз эркиндигине муунтууга жасалган кадам болуп саналат. Соттордо дале болсо чыныгы реформа болбой, жогору жактан келген көрсөтмөнү аткарган гана мекеме болуп калганы өкүнтөт
Бирок кээ бир журналисттер берилген эркиндиктен, өлкөдөгү буга чейин болуп келген демократиядан ашыкча пайдаланып, жазган макалаларында, берген маалыматтарында бирөөлөрдүн кадыр-баркына жана жеке аброюна шек келтирип, текшерилбеген жана бир жактуу материалдарды берип келгени өкүнүчтүү.Кээ бир редакциялар жана журналисттер бирөөлөрдүн заказдарын аткарып, бийлик адамдарын атайын каралап, өзүлөрүнө жакпаган саясатчылардын жана коомдук ишмерлердин кадыр-баркына жана адамдык сапаттарына шек келтирип, кыргыз улутунун өзгөчөлүктөрүнө асылып, улутту шылдыңдап, улуттар аралык жаңжалды тутантып, согушту пропагандалоого аракеттенип, өзүлөрүн негизги улуттан бийик коюп, шовинисттик көз караштарды жайылтып, жогору жактагы кожоюндарынын тапшырмаларын аткарып, такыр эле чектен чыгып кеткен учурлары болгонуна коомчулук өзү күбө.
Азаттык үналгысынын Кыргызстандагы демократияга, адам укугуна жана сөз экиндигине тийгизген таасири, жасаган эмгеги болуп көрбөгөндөй чоң. Бирок алар бардык жагынан мыйзамдуулукту жана эл аралык стандартты көргөзүп, башкаларга үлгү болуунун ордуна жердешчиликке (непотизм), тааныштыкка жол берип, жетекчиси Венера Жуматаева 10 жылдан бери алмашпай иштеп келе жатат. Канчалаган журналисттер кат менен кайрылып, кетүүсүн талап кылып, нааразычылыгын билдирсе да Азаттыкка “Түшпөс хан” сыяктуу жармашып отурат.
Биздин коомчулуктун атынан айткан сын пикирибизге да көңүл бөлүп койгон жок. Азаттык медиасынын бул жердеги эле эмес, Прагада отурган чет элдик жетекчилери дагы тааныштыкка, жеке байланышка жол берип, Азаттык үналгысынын жетекчисин алмаштырбай, жаштарга жол бербей келет. Биз бул тууралуу Прагада отурган жетекчилерине чейин чыгып, алар менен жолугушуп, коомчулуктун сынын айткан элек. Бирок Азаттыктын жетекчилиги андан эч жыйынтык чыгарышкан жок.
Мындан тышкары, 2020 - 2021 жылдары Садыр Жапаров бийликке жаңы келген жылдары Айзада Касмалиева жетектеген Азатыттык үналгысы бийликти бир жактуу каралап, толук такталбаган маалыматтарды бергени тууралуу катуу сын-пикирлерди айтып, катуу талашып-тартышкан элек. Биздин уюм Азаттык үналгысынын туура, такталган маалыматтарды берүүсү боюнча мониторинг жүргүзүп, Айзада айым менен күнүгө жазышып, радионун ишмердүүлүгүн катуу сындаган элек.
Ошондой сынга чыдабаган Айзада Касмалиева айым акыры телефонун өчүрүп, биздин телефонду блоктоп, чалбай турган кылып, диалогдон качып, сүйлөшүүдөн баш тарткан эле.
Эгерде Азатыктын кыргыз бөлүмүнүн жетекчиси чыныгы демократиялык жолдо болсо, өз-ара диалогдон баш тартпай, айткан сындардан тийиштүү жыйынтык чыгарып, демократиянын бардык талаптарына жооп бермек да. Мына ошондо биз да Азаттык менен кызматашууну токтотуп, эки жыл бою байланышты толук үзгөнбүз. Мына бир жылдан бери Азаттык радиосунун кыргыз бөлүмүндө жетекчи алмашкандыктан Азаттык медиасы менен кайрадан кызматташа баштадык.
“Би-би-Cи” (BBC) Лондондогу жетекчилиги дагы тууганчылык оорусу менен ооруп, бул кезге чейин көп жылдардан бери Би-Би-Си де бир үй-бүлөөнүн гана мүчөлөрү иштеп жана жетектеп келиши моралдык принциптерге туура келбей турганын баса белгилейбиз.
Бир үй-бүлөөнүн мүчөлөрү улам бири радиодон чыгып сүйлөп жатса, алардын өзүлөрү эмес, бул жакта турган башка адамдар да уяла тургандай абалга жеткени өкүнтөт. Ал эми булар моралдык принципти сезип, уялып калбай, өткөн жылга чейин тынбай иштеп келишкени эч бир этикага туура келбей турганын айтуубуз зарыл. Ошондуктан Азаттык үналгысы менен Би-би-Cи (BBC) радиосунун жетекчилиги да бийликтин өкүлдөрүн, башка саясий ишмерлерди тууганчылык же жердешчилик боюнча күнөлөөдөн мурун өзүлөрү дагы ушундай жаман адаттардан арылып алганы абзел.
Адам укугу жана Элдик Курултай.
Курултай институтун Конституцияга жана бийлик структурасына киргизүү боюнча көп жылдардан бери аракет кылып келдик. 30 жылдан ашык убакыттан бери көптөгөн Элдик жыйындарды, Курултайларды өткөрүп, Президенттерге бул инситутутту сунуштап келдик. Бирок Садыр Жапаровдон башка Президенттер Курултай институтуна кайдыгерлик менен карашып, аны Конституцияга жана мыйзамдарга кигизүүгө каршы болуп келишти.
Акыры, 2021-жылы 5-майында кабыл алынган Конституцияга Элдик Курултай коомдук-өкүлчүлүктүү, кеңешүүчү жана байкоочу жыйын катары киргизилип, коомдун өнүгүү багыттары боюнча сунуштамаларды бере турган жыйын болуп калды. Бул жетишкендиктин өзү дагы жакшы көрүнүш. Буга чейин миңдеген адамдардын талабына карабастан Курултай тууралуу беренелер Конституцияга кирмек тургай, тийиштүү мыйзам да алынбай келгени коомчулукка белгилүү.
Бирок биз көп жылдардан бери Курултайды түзгөндөр Президент баштаган бийлик бутактарынан отчёт алып, алардын ишине баа бере турган турган кадыр-барктуу жыйын кылуу максатыбыз бар болчу.
Анан Курултайдын негизги максаты элибиздин жана улутубуздун талылуу маселелерин көтөрүп, улут катары кандай багытта өнүгөөрүбүздү жана кандай системаны тандап алаарыбызды аныктап, ага кандай жолдор менен бараарыбызды талкуулап, улуттун келечеги тууралуу ой жүгүртүп, кимдер менен дос, кимдер менен аяр мамиледе болоорубузду тактап, азыркы тез өзгөрүп, алай-дүлөй болгон ааламда өз татыктуу ордубузду табуу максаты болуш керек эле...
Ал эми Президент Указы менен Курултайдын мыйзамын даярдоого атайын дайындалган жоопту адамдардын Курултай тууралуу мыйзамдын долбоорун жакшылап даярдабай жана депутатттарга жакшылап түшүндүрө албай койгондугунан пайдаланган Жогорку Кеңештин депутаттары Курултайдын жал куйругун кыркып, анын ыйгарым укуктарын чектеп, Президенттин , өкмөттүн жана Жогорку Кенештин ишине баа берүүчү жыйын кылуунун ордуна, аны өкүлчүлүктүү жана байкоочу жыйын кылып гана чектеп коюшканы өтө өкүнүчтүү болду. “Анда Курултайдын эмне кереги бар?” деген суроо аргасыздан туулат.
Мына ушундай факторлордун кесепетинен Курултайдын мааниси бурмаланып, баасы төмөндөп Курултайга келген делегаттар жол, мектеп, клуб, мончо, жазгы айдоо жана күзгү себүү тууралуу гана сөз кылып калганы уят эле иш болду.
Мына ушундан баштап Элдик Курултай биз күткөндөй, бийликтин иштерине баа берүүчү чыныгы элдик жыйын болбой, облусттук жана райондук маселелерди караган Президент катышкан республикалык деңгээлдеги чарбалык жыйын гана болуп калды.
Президенттин, өкмөттүн жана Жогорку Кеңештин төрагасынын маалыматын укканы менен аларга баа бере албай, тийиштүү чечим кабыл ала албай, бир жактуу кошоматтарды айтышып, кээ бир гана жергиликтүү чиновниктерди сындоо менен гана чектелип жатышы Курултайдын алсыз жана көп деле таасири жок экендигинен кабар берет. Ал эми биринчи Курултайда Президенттин наамына катуу сын пикир айткан саясатчыларды жана коомдук ишмерлерди экинчи Курултайга катыштырбай, делегаттарды шайлоону тыкыр көзөмөлгө алып, жогорку бийликке сын айткан эмес, ага кошомат кылган делегаттарды алып келүүгө катуу аракеттерди көрүштү.
Мындан тышкары, өлкөгө белгилүү коомдук ишмерлерди биринчи Курултайда чакырса, экинчи Курултайдан баштап, аларды чакыруудан баш тартышты. Курултайдын делегаттары эмне үчүн мындай бийликчил болуп калды? деген суроо туулат. Анткени алардын шайлануусунан баштап, Бишкекке келүүсүнө чейин Ак үйдүн көзөмөлүндө турганы өкүнүчтүү иш. Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо, аларды Бишкекке алып келүү, Курултайдын жылда бир өтүүчү жыйынын уюштуруу Курултайдын шайланган жетекчилиги тарабынан жүргүзүлүшү керек болчу.
Ал эми бул жерде теңирден тескери болуп, Президенттин указы менен Курултайды уюштуруу комитетинин курамы түзүлүп, күнү белгиленип, өкмөттөн акча бөлүнүп, бул ишке губернаторлор жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү тартылып, Курултайды уюштуруу иши Президентке түз баш ийген Мамлекеттик катчыга тапшырылып жатышынын өзү эле Курултай элдик болбой, бийликке гана кызмат кылган орган болуп калганынан кабар берет. Анткени бийлик Курултайдын делегаттарын толук көзөмөлгө алып, Бишкекке келүү жана кетүү жолдорун төлөп, атайын транспорт бөлүп, жаткан жерин камсыз кылып, мамлекеттик администрациялардын адамдарын көзөмөлдөтүп койушу эле делегаттарды бийликке толук көз каранды абалга алып келип койду.
Ал эми биз түзүүчү Курултайда делегаттар көз карандысыз болуп, өз акчасы менен Бишкекке келип, жатаканасын да өздөрү төлөп, пикирлерин эркин билдирген, кара кылды как жарган, бийликке катуу талаптарды койгон чыныгы эл өкулдөрү болушу керек эле.
Тилекке каршы, Курултайдын келечеги тууралуу асыл ойлорубузду бийлик жана Курултайдын делегаттары жокко чыгарды. Буга кошумча, курултайчылар өздөрүн ишенип шайлап жөнөткөн шайлоочуларын сыйлабастыгын көргөздү. Ошентип Курултайдын делегаттарын шайлаган миңдеген адамдардын шайлоого деген укугу тебеленип, Президент башында турган бийлик Элдик Курултайды улуттун келечегин чечүүчү жыйын катары карабай, өз бийлигин чыңдоо үчүн гана колдонуучу инструмент катары пайдаланып калганы өтө өкүнүчтүү.
Адама укугу жана Жогорку Кеңеш.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 76 -беренесинде “Жогорку Кеңеш - Кыргыз Республикасынын парламенти - мыйзам чыгаруу бийлигин жана өз ыйгарым укуктарынын чегинде контролдук функцияларын жүзөгө ашыруучу жогору өкүлчүлүктүү орган болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 78-беренесинде “Жогорку Кеңештин депутаты депутаттык ишмердигине байланыштуу айткан ой-пикирлери же Жогорку Кеңештеги добуш берүүнүн жыйынтыктары үчүн куугунтукка алынышы мүмкүн эмес” деп айтылат.
Бирок Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго жана башка себептерге байланыштуу 13 депутат мандатын “өз каалоосу боюнча” деген себептер менен тапшырып жатышканы депутатттарга деген кысымдын жана