www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ташкенттеги өнөр жай кампасындагы жарылуу жана өрттүн кесепетинен 15 жаштагы өспүрүм каза болуп, дагы 162 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзбекстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

"Өзгөчө кырдаалдын кесепетинен 2006-жылы туулган өспүрүм жеринде каза болгон. Окуянын кесепетинен жабыркагандардын жалпы саны 163 адамды түздү", - деп айтылат маалыматта. 

Өспүрүмдүн үстүнө терезе кулап кеткени айтылууда.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 24 адам ооруканага жаткырылган, калган 138 кишиге жеринде жардам көрсөтүлгөн. Басма сөз кызматы кошумчалагандай, ооруканаларда оор жаракат алгандар жок.

Эске салсак, бүгүн, 28-сентябрда таңкы саат 03:00дө чагылгандын кесепетинен Сергели районунун Кипчак көчөсүндө жайгашкан "Интер Логистика" ЖЧКсына тиешелүү кампада өрт чыккан. Жардыруу толкуну эпицентрден 30 чакырым алыстыкта ​​сезилген.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости