www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ташов кимге таянып кутуруп жатат?

"КС Групп" курулуш компаниясына нааразы болгондор күндөн-күнгө арбып жатат. Бул үй курган компанияны Имамидин Ташов жетектейт. Бул жигит пиарды мыкты жасаган менен ишмердүүлүгү күмөн жаратып, ызы-чуу менен коштолуп келет. Коомго төбөсү көрүнгөн белгилүү эле адамдарга «бекер үй бердик» деп пиар кылып, бирок үй бербей койгон жоруктары арбын.

Эми болсо көз боемочулук кылып элдин акчаларын чогултуп алып үй куруп бербей, сыздатып кеткени кеп болуп жатат. Үй алуучу үлүш ээлери 1 миллион 120 миң АКШ долларын чогултуп беришип, бирок ушул күнгө чейин үйсүз калышканы маалымат булактарында жазылды.

Илмияновго таянып алып баарын былгыткан Ташов, дагы деле ошол жоругун токтотпой күчөгөнү кызык. Икрам жок, эми кимге таянып жатты болду экен?..

Баса, Ташовдун компаниясы курган үйлөрдүн көбү сейсмологиялык курулуш талабына жооп бербей турганы айтылып келет. Мындан улам, эксплуатациядан өтпөгөн үйлөрдү деле элдерге сатып жиберген.

Сыягы акчадан башканы көзү көрбөгөн Ташовго жарандардын коопсузудугу бир тыйын окшойт. Тиешелүү органдар Ташов ээлик кылган "КС Групптун" салган үйлөрүн тыкыр текшерүүгө албаса, кийин кеч болуп калышы мүмкүн...

Булак: Фабула
 

Последние новости