www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеӊеште КР Өкмөтү менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Кыргыз Республикасынын айылдарын таза суу менен камсыз кылууну жана санитарияны жакшыртуу” долбоору боюнча насыялык макулдашуу каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Айыл чарба министрлигинин өкүлүнүн айтымында, Калктуу конуштарын ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу тутумдарын өнүктүрүүнүн 2026-жылга чейинки стратегиясына ылайык, 425 айылында көлөмү 8 млрд 882 млн сомду түзгөн суу түтүктөрүн, ошондой эле 27 райондук борбордо өлчөмү 4 млрд 48 млн сом болгон саркынды сууларды чыгаруу тутумдарын куруу жана реабилитациялоо боюнча иштерди аткаруу каралууда.
Стратегия республикалык бюджеттин, Азия өнүктүрүү банкынын, Дүйнөлүк банктын, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын, Швейцария конфедерациясынын Экономикалык мамиле боюнча мамлекеттик секретариатынын (SЕСО), Европа инвестициялык банкынын, Ислам өнүктүрүү банкынын, ПРООНдун, ЮНИСЕФтин жана дагы башка булактардын каражаттарынын эсебинен каржыланат.
Долбоордун жалпы суммасы – 23 млн доллар, анын ичинен:
- Ислам өнүктүрүү банкы - 15 млн доллар;
- Ислам фонду - 5 млн доллар;
- Өкмөттүн кошо каржылоосу - 3 млн доллар.
Ислам өнүктүрүү банкынын насыясы 1,5 пайыздык коюм менен, 25 жылга, анын ичинде 7 жылга жеңилдетилген мөөнөт берилет. Ал эми Шериктештиктин ислам фондунун насыясы 0,75 пайыздык коюм менен, 30 жылга, анын ичинде 10 жылга жеңилдетилген мөөнөт берилет.
Андан тышкары, Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Балыкчы, Майлуу-Суу, Токтогул, Өзгөн шаарларындагы суу менен жабдуу тутумун калыбына келтирүү долбоору боюнча насыялык жана гранттык жөнүндө макулдашуулардын долбоорлору да каралууда.
Булак: "kenesh.kg"