www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Транспорт министрлигиндеги коррупция боюнча жаңжалдан кийин кызматтан кеткен экс-министр Жамшитбек Калилов “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасында иштейт. Бул тууралуу депутат Тазабек Икрамов Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында билдирди.

Калилов аталган мамлекеттик ишканада каттоодо турат, бирок жумушка чыкпайт, ошол эле учурда 40 миң 600 сом маяна алаарын кызматкерлер билдиргенин депутат айтып өттү.

Эске салсак, Калилов 2016-2018-жылдары Транспорт жана жолдор министрлигин жетектеген. Ал 2018-жылдын декабрь айында мекемедеги коррупциялык жаңжалдан улам кызматтан кеткен

Анын орун басары Азимкан Жусубалиев 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалып, Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент анын кызматтан кетүүсүн ачык талап кылып, андан соң Калилов кызматтан кетүү боюнча арыз жазган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости