www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов коррупционер чиновниктерди жана алардын балдарын мамлекеттик кызматта эмгектенүү укугунан ажыратууну сунуштайт. Бул тууралуу парламенттин бүгүн, 16-октябрдагы жыйынында билдирди.

«Бүгүнкү күнү жаштардын, элдердин талабы менен көтөрүлүш болду.

Тополоңдун чыкканы эмнеден болду? Коррупционерлерден. Ушул маселени 20018-жылдан бери көтөрүп келем. Коррупционерлер, коррупционерлердин балдары мамлекеттик жумушка алынбасын. Бирок ушул жердеги парламенттен эч качан колдоо тапкан эмес.

Урматтуу Садыр (Садыр Жапаровго кайрылып) мырза, ушул маселени да карап койсоңуз.

Тополоң эмнеден чыкты? Коррупционерлер кайра-кайра жумушка келгенден, парламентке аттангандан... Ушуну сөзсүз түрдө эске алат деген чоң үмүттөмүн», - деп айтты дкаутат.

Булак: NazarNewsw.kg

Последние новости