www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат - эл шайлап, элдин үнүн жогорку бийликке жеткизүүчү эл өкүлү болуп эсептелет. Мындай пикирин депутат Тазабек Икрамов бүгүн, 23-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Жогорку Кеңештин депутатына болгон Президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Элмира Үсөнованын мамилесин көрдүк. Депутаттын статусу 24-беренеде так жазылып турат. Жогорку Кеңештин депутатына тийиштүү турак жай, кызматтык жай, транспорттук каражаттары текшерүүгө жана тинтүүгө жатпайт деп. Биз мыйзамдын чегинен чыгып кетип жатабыз. Кат берген соң күтүп туруу керек эле. Бирок андай болгон жок. Депутатка башка иш бөлмө бербестен, бардык буюмдарын эшикке алып чыгып салышты. Урматтуу депутаттар, биз өзүбүздү өзүбүз сыйлабастык болуп жатат бул жерде", - деди Икрамов. 

Ал кесиптеши Нуржигит Кадырбековдун айтканынын мисал келтирип, 90 депутатты алдыга салып кууп кетип жатышат деди. Ал өкмөттүн өкүлүнө кайрылып, Үсөнованы жумуштан алуу сунушун берди. 

"Андыктан кесиптештер талапты коёлу. Конституцияда жазылып турат, кыргыз элинин атынан шайланып келген эл өкүлү сүйлөйт деп. Бул жерде депутатты сүйлөтпөй коюу бул - кыргыз элин, шайлоочуларды сүйлөтпөй коюуу болуп саналат. Кыргыз эли бар болсун, оозу мурду жок болсун дегенге баратабыз. Мыйзам чегинде иш алып баралы", - деди депутат.

Эскерте кетсек, депутат Өмүрбек Бакировго Ак үйдөгү 705-бөлмөнү бошотуу талабы менен Президенттик аппараттын иш башкармалыгы кат калтырып, бардык буюмдарын чыгарып коюшкан. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости