www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тажикстандын кол салуусу жана массалык камоолор боюнча президент Садыр Жапаров менен сүйлөшүп чыктым. Бул тууралуу Консолидация жана диалог үчүн кыймылынын жетекчиси Турсунбек Акун NazarNews маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.
Акыйкатчы президент менен болгон сүйлөшүүсүндө массалык түрдө камалган активист, журналисттерди камактан чыгуруу талабын койгонун белгиледи.
"Садыр Жапаров Кыргызстанда демократияны сүрүп чыгарып, диктатура курайын деген оюу жок экенин айтты. Эч качан адам укугун тебелеээрин, бирок мыйзам чегинде чара көрүлөөрүн кошумчалады", - деди Акун.
Эскерте кетсек, 23-октябрда массалык камакка алуулар башталган. 21 адам Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун райондорунун ички иштер башкы башкармалыгынын УККсына киргизилди. Жогорку Кеңештин экс-депутаты Канат Исаев дагы борбор калаанын СИЗО-1 абагына бир айга камакка алынды. Алардын үйлөрүндө тинтүү жүргүзүлүп, андан соң активисттер менен саясатчыларды камакка алуу боюнча токтомдор чыгарылган.
Бишкектин Биринчи Май райондук соту массалык баш аламандыктарды уюштурган жана бийликти басып алууга аракет кылган деп шектелген саясатчылар менен активисттерге карата баш коргоо чарасын карады.
Саясатчы Азимбек Бекназаров 23-декабрга чейин камакта калды.
Ошондой эле, саясатчы Равшан Жээнбеков, мурдагы депутат Асия Сасыкбаева, укук коргоочу Рита Карасартова, жарандык активист Али Шабдан, саясат талдоочу, активист Таалайбек Мадеминов, журналист Айданбек Акматов жана активист Чыңгыз Капаров, Эрлан Бекчоро уулу, Перизат Суранова, Улукбек Маматаев, Атай Бейшенбек, Акыл Айтбаев жана Мамбетжунус Абылов эки айга камалды.
Активист Талант Эшалиев ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылды.
Булак: NazarNews.kg