www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Тазабек Икрамов коррупционерлерге кайрылып билдирүү жазып чыкты.

“Коррупционерлер убакыт келди! Офшорго каткан акчаңарды, басып жаткан байлыгыңарды чыгарып, элдин саламаттыгына жумшагыла. Кыйналып турган медицина тармагын каржылап, дары-дармек, препарат, кычкылтек бөлүп чыгаруучу аппараттарды алып келгиле. Болбосо элдин убалына каласыңар. Силердин айыңардан медицина талкаланды, миллиардаган долларлар силердин чөнтөгүңөргө кетти. Россиянын президенти Владимир Путин орус байларына "Силердин кантип байыганыңарды билем, эл менен бөлүшчү учур келди" деп пандемия алгач башталганда эле айткан. Силер да отуз жылдап ичип жегенинерди эл менен бөлүшчү мезгил келди!”,- деди эл өкүлү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости