www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
1. Мен улуттук баш кийимибиз болгон ак калпакты тойлорго барганда, чет өлкөгө чыкканда көп кием. Өзгөчө чет жакка чыккаңда баш кийимибизге кызыгып караган адамдарды көп жолуктурам. Биздин калпак кооз жана өтө ыңгайлуулугу менен көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө бурат.
2. Калпак күнүн официалдуу түрдө белгилөө боюнча токтом чыгаруу боюнча демилгени мен 2016-жылы көтөрүп чыккам. Туура, ага чейин 5-март Ак калпак күнү катары белгиленип жүрчү. Бирок мамлекеттик деңгээлде, официалдуу түрдө бул күндү майрам күн катары белгилечүэмеспиз. 2016-жылдан тарта бул күн республикабыздын ар тарабында майрам күн катары майрамдалып келе жатат. Ал эми калпакты кандай колдонуу тууралуу мыйзамдар эми каралып жатат. Сапатсыз калпактарды чыгарууга тыюу салуу тууралуу мыйзам. Мына жакында Кытайдан келген синтетикалык материалдар менен калпак тигүүгө каршы мыйзам кабыл алынганы турат. Бул мыйзам кабыл алынып күчүнө киргенден кийин, буюрса өзүбүздүн таза жүндөн, кийизден жасалган калпактарыбыз гана тигилип калат. Бул да болсо калпактын баркын көтөрүүгө чоң көмөкчү болот.
З. Ал эми итке кийгизген деңгээлге түшүрүү ошол сапатсыз калпактардын көптүгүнөн да болуп жатат. 100 сомдон калпак сатылышы бул уят. Баасы төмөн болсо мончого, итке кийгизген учурлар да көп болуп, элдин кыжырын келтирип жатат. Буюрса бул мыйзам күчүнө киргенден тарта ак калпагыбыздын деңгээли, сапаты жогорулайт деп ишенем.
Булак: "Фабула"