www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаңы жыл майрамын негизи жакшы көрөм. Эсимде калгандары бул студенттик убак эле. Кайсы жыл экени эсимде жок,бирок бир жылы достор болуп аянтга келдик.

Майрамдын урматы деп дискотека уюштуруп коюшуптур.Абдан жыргап бийлеп анан үйгө кетели десек маршруткалар эбак токтогон,таксиге болсо акчабыз жок.Саат 12ден өтүп кетсе кайдагы такси. Кебетем болсо жасанган, чачты гелдеп тургузуп, кычырап булгаары күрмө кийип алгам.

Анан 9-кичи районго жөнөдүк суук да катуу болуп күрмөлөрүбүз кармасаң сынып кетчүдөй башыбыз болсо тоңуп калды.

Ошондо да сыр бербей жолдо жүргөн кыздарга тийишип койобуз. Алар болсо жаман көз менен карап бизге жини келишет.

Азыр аянттан өтсөм эле Жаңы жылда тоңуп баратканыбызды эстей берем.

Булак: "Де-Факто"

 

Последние новости