www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек мэриясы көчө шыпыргычтардын коопсуздугу үчүн шаардын борбордук көчөлөрүн тазалоого багытталган атайын техника сатып алды. Бул тууралуу муниципалитет билдирди.

Бүгүн, 24-январда, "Тазалык" муниципалдык ишканасына MEP ECOVAC үлгүсүндөгү көчө шыпыруучу үч машина берилди. Техниканы сатып алууга Кыргызстандагы банктардын бири демөөрчү болгон.

"Долбоор сыноо этабынан өткөн соң Бишкек мэриясы мындай механикалык жардамчыларды массалык түрдө сатып ала баштайт", — деп айтылат маалыматта.

Бүгүн, 24-январда, "Тазалык" муниципалдык ишканасына MEP ECOVAC үлгүсүндөгү көчө шыпыруучу  үч машина берилди - Sputnik Кыргызстан

Бишкек мэриясы көчө шыпыргычтардын коопсуздугу үчүн шаардын борбордук көчөлөрүн тазалоого багытталган атайын техника сатып алды - Sputnik Кыргызстан

Мэрия автоунаа айдоочуларын жолдо ылдамдык режимин сактоого, "Тазалыктын" кызматкерлери иштеп жаткан аймактан кылдат өтүүгө чакырды.

Белгилей кетсек, узаган жылдын 12-декабрында 47 жаштагы киши, андан алты күн өткөндөн кийин 61 жаштагы жумушчу көчө шыпырып иштеп жүргөн жеринен набыт болгон. Ал эми 4-январда "Тазалыктын" дагы бир 35 жаштагы кызматкери көз жумган. Үчөөнү тең автоунаа коюп кеткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости