www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

16-январда социалдык түйүндөрдүн өзбек сегментинде белгилүү ташкенттик ишкер Мурад Назаров шаардагы №23 балдар үйүнүн тогуз тарбиялануучусун багып алганы тууралуу маалымат тараган.

Кийинчерээк бул маалыматты Murad Buildings компаниясынын негиздөөчүсү өзү да жергиликтүү басылмаларга ырастаган.

Өзбекстанда президент Шавкат Мирзиёевдин былтыр августта кол койгон токтомуна ылайык, ата-энелери же жакындары баш тарткан жетимдер менен томолой жетимдер жашаган Боорукерлик үйлөрү жабылат. Буга байланыштуу анда тарбияланып жаткан балдарды кимдин камкордугуна өткөрүү берүү жана алардын мындан аркы жашоосун ким көзөмөлдөйт деген маселе жаралган.

Улуттук гвардиянын басма сөз кызматы бүгүнкү күнгө карата Каракалпакстандагы, ошондой эле Навои, Фергана, Наманган жана Хорезм облустарындагы "Боорукерлик үйлөрү" жабылганын билдирди. Андагы балдар үй-бүлөлөргө бөлүштүрүлгөн жана акыркы төрт айдын ичинде жүзгө жакын Үй-бүлөлүк балдар үйлөрү ачылган.

ЖМКлардын маалыматына караганда, балдарды багып алгандардын көбү жабылып жаткан Боорукерлик үйлөрүнүн кызматкерлери менен жетекчилери, ошондой эле облус жана район башчыларынын, Улуттук гвардиянын, Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү жана жергиликтүү ишкерлер болуп эсептелет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости