www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын УКМК төрагасынын биринчи орун басары, Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев менен Тажикстандын УКМКсынын чек ара аскерлеринин командачысы Раджабали Рахмонов телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өлкөнүн Чек ара кызматы кабарлады.

Сүйлөшүү саат 21:45те тажик тараптын демилгеси менен болгон.

"Тажикстан атышууну токтотуу өтүнүчү менен кайрылган. Бирок саат 22:30га карата тажик аскерлери маал-маалы менен ок атууда. Атышуулар Эки-Таш, Кум-Базар, Чыр-Дөбө аймактарында уланууда", — деп жазылган маалыматта.

Эми Баткен менен Согди облусунун башчыларынын жолугушуусу күтүлүп жатат.

Булак:NazarNews.kg 

Последние новости