www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саламаттыкты сактоо министрлиги Баткен облустук саламаттык боюнча координатор Арзыбек Бөрүбековго таянып, бүгүн, 27-январь, түнкү саат 23:00дөн кийин Кыргызстандын төрт аскер жарадар болгонун кабарлады.

Маалыматка караганда, азыркы тапта аларды Көк-Таш айылынан Баткен облустук борборлоштурулган ооруканасына эки “Тез жардам” унаасы менен алып баратышат. Жаракат алгандардын баарына жардыруучу заттын талкаланып, майдаланган бөлүктөрү тийген.

Баткен облусунун бардык ооруканалары күчөтулгөн тартипте иштеп жатат. Он “Тез жардам” бригадасы иштеп, керектүү кан жана анын компоненттери даярдалганы айтылды. Кадамжай ооруканасынан Баткенге хирург, реаниматолог, травматолог дарыгерлер барышты. Кызыл-Кыя ооруканасынын дарыгерлер тобу да жиберилген.

Белгилей кетсек, 27-январдын кечинде кыргыз-тажик чек арасында атышуу болду. Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы анда "тажик тарап миномет жана гранатомётторду колдонуп жатканын" маалымдаган.

Кагылыш Баткендеги Көк-Таш айылындагы эки өлкөнүн аймагы кесилишкен жерде (Төрт-Көчө) чыкты. Мында Кыргызстандын Баткен - Исфана жолу менен Тажикстандын Ворух анклавына кеткен жол кесилишет. Кыргыз тарап жолду тажик тараптын чек ара кызматкерлери тосуп баштаган деп айыптаса, Тажикстандын бийлиги кыргыз тараптан чагым болду деп жатат.

Булак:  NazarNews.kg 

Последние новости