www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМКнын Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасында ок атышууга жеткирген окуяга эмне себеп болгонун айтып берди.

Белгилей кетсек, бүгүн, 27-январда УКМКнын Чек ара кызматы саат 17:30дан 18:00гө чейинки убакыт аралыгында Тажикстандын чек арачылары Баткен районуна караштуу Төрт-Көчө аймагындагы Баткен — Исфана жолунун бир бөлүгүн бир тараптуу жаап салганын билдирген. Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсү менен саат 19:30да жол ачылган. Бирок 19:35те абал кайра курчуп, Тажикстандын аскерлери Баткен районунун Чыр-Дөбө аймагында ок атуучу куралдарын колдонгон. Учурда эки тараптын тиешелүү органдары кырдаалды жөнгө салуунун жолдорун көрүүдө.

"27-январь күнү болжол менен саат 17:50 чамасында Төрт-Көчө аймагына тажик жарандары оор жүк ташуучу унаага таш жүктөп келишкен. Алар таштарды Баткен — Исфана авто жолуна түшүрүп жолду жабышкан жана Тажикстандын чек арачыларынын коштоосунда жүрүшкөн. Эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында жол каттамы ачылган. Кырдаалды жөнгө салуу аракетине карабастан тажик тарап чек аранын башка аймагында, тактап айтканда, Чыр-Дөбө жерлигинде Кыргызстандын аскер кызматкерлерин көздөй минамёт жана гранатомёттор менен ок чыгарышкан", — деп жазылган маалыматта.

Андан кийин тажик чек арачылары Төрт-Көчө жерлигинде Кыргызстандын аскер кызматкерлерин көздөй ок атышкан.

"Тажикстандын аскер кызматкерлеринин аракеттери жеринен координацияланган, алардын бул чагымчылдык аракетке мурдатан даярдык көргөнү байкалды. Алардын минамёт колдонушу Чек ара аскерлеринин штаттык комплектисине кирбейт. Бул Тажикстандын Чек ара кызматы Куралдуу Күчтөрдүн күчүн жана каражаттарын колдонгонун көрсөтүп турат. Ошону менен бирге тажик тарап эки тараптуу жана эл аралык келишимдерди одоно түрдө бузганы байкалды", — деп жазылган билдирмеде.

Тажик тарап минамёттор менен чек ара заставаларына жана электр линияларын көздөй ок атышканы кошумчаланды. Ошондой эле кыргыз тараптын ок атууну токтотуу талабын тажик аскер кызматкерлери аткарбай койгону белгиленди.

Өз кезегинде президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марифжан Тулаев Тажикстандын жарандары чек арага жакын жерде курулуш иштерин жүргүзүүнү пландап, жолду тосконун билдирди.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости