www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облусунун бардык саламаттыкты сактоо уюмдары күчөтүлгөн режимге өттү. 10 тез медициналык жардам бригадасы, кан жана компоненттер даярдалган.

Баткен облустук бириккен ооруканасына Кадамжай шаардык жалпы дарыгерлер практика борборунан хирург, реанимация адиси жана травматологдон турган дарыгерлер тобу жана Кызыл-Кыя шаардык жалпы дарыгерлер практика борборунан дагы бир бригада келди. Ошондой эле Ош облусунан да дарыгерлерден турган эки бригада келе жатат. Бул тууралуу КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Баткен облусунун саламаттыкты сактоо боюнча координатору Арзыбек Бөрүбековдун маалыматы боюнча Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун эки тез жардам унаасы менен жаракат алган төрт аскер Баткен облустук бириккен ооруканасына Көк-Таш айылынан келип түштү. Жараттын түрү: сыныктар. Жабырлануучулардын ден соолугу тууралуу маалымат кийинчерээк берилет, деп кошумчалаган аталган өкүлчүлүк.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы саат 21.45те тажик тараптын демилгеси менен КР УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары, Чек ара кызматынын директору генерал-майор Уларбек Шаршеев менен Тажикстандын УКМКсынын Чек ара аскерлигинин кол башчысы генерал-полковник Раджабали Рахмонали телефон аркылуу сүйлөшүшкөндүгүн маалымдалды.

Тажик тарапка ок атышууну токтотуу суранчы менен кайрылган. Бирок буга карабай эле 22.30га карата тажик аскер кызматкерлери маал-маалы менен КР ИИМдин Ички Аскерлеринин жайгашкан жерин көздөй ок чыгарышууда. Ал эми Эки-Таш, Кум-Базар, Чыр-Дөбө жерлигинде ок атышуу уланып жатат.

Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Согдий облустарынын губернаторлорунун жолугушуусу күтүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости