www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз-тажик чек арасындагы Эки-Таш, Кум-Базар, Чыр-Дөбө аймактарында ок атуу уланып жатат.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, саат 21:45те УКМКнын жетекчисинин биринчи орун басары, Чек ара кызматынын директору, генерал-майор Уларбек Шаршеев менен Тажикстандын чек ара аскерлеринин командачысы Раджабали Рахмонали телефон аркылуу байланышкан. Анда ок атууну токтотуу тууралуу сөз болгон.

«Шаршеев тажик тарап ок атууну токтотпой жатканын билдирди. Аны менен катар чек арага оор аскер техникаларды жана жеке курамды жеткирүүнү улантып жатышат. Саат 23:00гө карата тажик аскер кызматкерлери кыргыз аскерлерине карата ок чыгарууну улантууда.

Алдын ала маалым болгондой, Тажикстан тараптан минометтон ок атылып, Көчө-Бою аймагында Кыргызстандын жаранына тиешелүү турак жай өрттөндү.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости