www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстан аскерлеринин аткылоосунун кесепетинен Көчө-Бою тилкесинде жайгашкан кыргызстандык жарандын турак жайы күйүп кетти. Бул туурасында УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Ошондой эле тажик тарап Кыргызстандын ички аскерлери жайгашкан жерге миномёт менен атканы белгиленди.

Соңку маалымат боюнча, төрт кыргызстандык аскер жаракат алды.

Өлкөнүн Чек ара кызматынын жетекчиси Уларбек Шаршеев менен Тажикстандын Чек ара аскерлеринин кол башчысы Раджабали Рахмонали экөө эки ирет телефон аркылуу сүйлөшкөн. Атышууну токтотуу тууралуу маселе көтөрүлгөнү менен натыйжа болбой жатат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости