www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын бийлиги Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы Хорог шаарынын жана Рошткала районунун 66 тургунун өлкөдөн чыгууга тыюу салынган жарандардын тизмесине киргизди. Бул тууралуу "Озоди" радиосу кабарлады.

Тоолуу Бадахшандын жарандык коому тизмеге киргизилген тургундардын көбү 25-28-ноябрь күндөрү Хорог шаарында өткөн нааразылык акцияларга катышканын билдиришүүдө. Тизмеде алардын аты-жөнү, туулган жылы жана күнү, ошондой эле жашаган жана катталган жери көрсөтүлгөн.

25-ноябрда атайын кызматтын операциясы учурунда Рошткала районунун тургуну Гүлбиддин Зиёбеков каза болгондон кийин жүздөгөн киши жергиликтүү акимчиликтин алдына нааразылык акциясына чыккан. Алар төрт күндөн кийин — бийлик Зиёбековдун өлүмү боюнча объективдүү тергөө жүргүзүүнү, акцияга чыккандарды куугунтуктабоону жана аймактагы интернет байланышын калыбына келтирүүнү убадалагандан кийин тараган.

Бүгүнкү күндө облустагы активисттер бийлик бул убадаларын аткарбаганын билдиришүүдө. Алардын айтымында, интернет чектелген режимде берилип, Зиёбековдун өлүмү тиешелүү деңгээлди тергелген жок. Мындан тышкары бул сыяктуу тизмелер аркылуу акцияга катышкандарды куугунукка алуу ыктымалдыгы жогору болууда.

Аты-жөнүн айтууну каалабаган бадахшандык жарандык коом өкүлү аймактын укук коргоо органдары өлкөдөн чыгууга тыюу салынган облус тургундарынын тизмесин чек ара бекеттерине жөнөтүшкөнүн билдирди. "Тизмеге Зиёбековдун жана аянтта каза болгон эки кишинин сөөгүн көчөдөн көтөрүп өткөн тургундар киргизилген. Алар булардын өлүмүнө күнөөлүү адамдарды жазалоону гана талап кылышкан", — деди ал.

Хужамри Пирназаров аттуу жергиликтүү активисттин айтымында, бүгүнкү күндө Хорогдо Башкы прокуратуранын тергөөчүлөр тобу иштеп жатат.

"Алар Зиёбековдун өлүмүн да, прокуратура менен милиция кызматкерлерине кол салууларды да иликтеп жатышат. Ошол эле маалда алар төрт күндүк нааразылык акциясына көбүрөөк көңүл буруп жатышат. Бирок чынында дал Гүлбиддиндин өлүмү коомдук резонанс жараткан да", — деди Пирназаров.

Бийлик буга чейин акциянын катышуучулары милиция кызматкерлеринин куралын тартып алганын, мындан улам аларга каршы курал колдонулганын билдирген.

20-декабрь күнү кечинде активисттер Тажикстан парламентинин жогорку палатасынын төрагасы Рустами Эмомалиге кайрылып, Хорогдогу окуяларды парламент жыйынында талкуулоону өтүнүшкөн. Алардын айтымында, ноябрдагы наарызылык акциялар маалында 17 киши жаракат алып, экөө каза болгонуна карабастан, бийлик укук коргоо кызматкерлерине кол салуу учурларын гана иликтеп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости