www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Жакында эле Бакыт Калмаматов «мени камагыла» - деп кайра-кайра безилдеп жатканын уккамын», - деди Дайыр Орунбеков. Бул тууралуу журналист өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

«Кудайдын баарыбыздын маңдайыбызга жазып койгону бар. Бирок, пенделер тилеги, аракети жана жакшы сөзү, жүрүм-туруму менен тагдырын өзгөртөт. Сөздүн күчү бар. Ошон үчүн кыргыз бата алат, тилек айтат. Муну эмнеге айтып жатам?

Унута элек болсоңуздар, Өмүрбек Текебаев «чачымды кыскартып камакка даярдандым» - деп сүйлөгөндөн кийин түрмөгө түшкөн.

Жакында эле Бакыт Калмаматов «мени камагыла» -деп кайра-кайра безилдеп жатканын уккамын. Мынтип бүгүн камакка алынды. Ошон үчүн сөздү кесир кылбай, ооздон жакшы сөз чыгып турушу керек деп калдым.

Камакка түшүп калуу эч кимдин тагдырына жолукпасын. Жакындары, үй-бүлөөсү эле азап чегет. Түрмөгө түшкөндүн баары эле оомат менен чыкпайт, сынып, талкаланып чыкканы көп. Ооматтуу чыккан миллиондон биридир. Саясатчы сөзсүз камалып, анан «популярдуу» болот деген түшүнүккө ишенип алуу - акылсыздык.

Эми Калмаматовго эркиндик каалайм, анын күнөөсү болсо «үй камагына» алып деле сураса болот», - деп белгилеген Орунбеков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости