www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Демографиялык көйгөйлөргө байланыштуу Орусияда жумушчу күч жетишпей жатат. Бул тууралуу өлкө президенти Владимир Путин жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйын учурунда айтты.

"Гуманитардык көз караш менен дагы, геосаясий жаатта дагы 146 миллион киши биздикиндей ири аймак үчүн өтө аз. Экономикалык жактан бизге жумушчу күч жетишпейт", — деди Путин.

Президенттин айтымында, учурда Россияда эмгекке жарамдуу курактагы жарандардын саны 81 миллионду түзөт.

"Бул көрсөткүчтү биз 2024-2030-жылга чейин бир топ өстүрүшүбүз керек", — деди ал.

2021-жылдын 1-майына карата Орусияга иш издеп келгенин расмий түрдө көрсөткөн мигранттардын саны 2,68 миллион кишини түзгөн. Факт жүзүндө бул цифра бир нече эсе көп болушу мүмкүн. Бул өлкөгө иш издеп көбүнчө Украинанын, Молдованын, Азербайжандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Армениянын жана Кыргызстандын жарандары барат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости