www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токмоктук жеке ишкерлер телефонго орнотулган онлайн ККМ (төлөмдөрдү онлайн жүргүзүү) жана виртуалдык ККМди киргизүүгө каршы миттингге чыкты.

«Эгерде Акылбек Жапаровдун милдеттүү түрдө ККМ (контролдук кассалык машинаны) колдону мыйзамы ишке кирсе, бүт контейнерлер жабылып, ушундай оор кырдаалда жан багып жаткан ишкерлер үй-бүлөсүн бага албай калат», - деп айтышты соодагерлер.

Кыргызстанда 2022-жылдан тартып жаңы Салык кодекси ишке киргени турат. Министрлер кабинети көмүскө экономиканы ачыкка чыгарып, бюджетке түшкөн салык, бажы төлөмдөрүн көбөйтүү максатын коюп жатат.

Президент Садыр Жапаров 6-декабрда "Чакан ишкердик субъектилерин колдоо, жагымдуу салык жана бажы климатын түзүү жөнүндө" жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, жылдык жүгүртүүсү 8 млн. сомго чейин болгон ишкерлик субъектилерди салыктан бошотуу каралган. Бирок алар онлайн кассалык аппараттарды милдеттүү түрдө колдонушу керек.

Кыргызстанда көмүскө экономиканын үлүшү 30-40% экени айтылып келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости