www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Сомон Эйр» авиакомпаниясынын учагы Тажикстандын Хубэй провинциясындагы жарандарын алып келүү үчүн Кытайга кетти. Бул тууралуу 10-февралда Тажикстан Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди.

Маалыматтарга караганда, коронавирус чыккан Ухань шаарынан 54 тажик жараны, анын ичинен 45 студент эвакуацияланат.

Тажикстан ТИМи бортту медиктер, Өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу комитетинин кызматкерлери коштоп барарын кабарлады. Ушул эле учак Тажикстандан Кытайга гуманитардык жүк ала кетти.

Тажикстан Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, учурда Кытайдан келген 645 киши дарыгерлердин көзөмөлүндө. Алардын көбү студенттер жана ишкерлер. Арасында 47 Кытай жараны да бар.

Тажикстанда коронавирусту жуктурган учур катталган жок. Өлкөнүн бардык чек ара көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде текшерүү күчөтүлгөн.

Последние новости