www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык тармактарда Казакстандын "Патруль" аттуу видео тасмасында “сүрөттөлгөн” тажик элчисинин ролуна байланыштуу  Тажикстандын бийлиги Казакстандын Тышкы иштер министрлигине сериалга укуктук баа берүү өтүнүчү менен нота жиберген.

Нота бүгүн, 27-апрелде, жөнөтүлгөнүн Азия-Плюс Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин Маалымат жана басма сөз департаментине шилтеме берүү менен жазып чыкты.

"2020-жылдын 27-апрелинде Казакстандын Тышкы иштер министрлигине "B.A.S production" продюсердик борборунун жана "Көзкарандысыз Телеканалдын" кардарларынын ишине укуктук баа берүү талабы менен нота жөнөтүлдү", - деп айтылат департаменттен берилген маалыматта.

Ошондой эле, тажик тарап жалаа жабуу жана эл аралык келишпестиктерди чагылдырууга багытталган атайылап иш-аракеттерди жүргүзүү боюнча Казакстандын мыйзамы менен шашылыш түрдө аларга карата чара көрүүнү сураган.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин Маалымат жана басма сөз кызматы маселени көзөмөлдө кармап тураарын айткан.

Эске сала кетсек, социалдык медиада казакстандык "Патруль" сериалынын видеотасмасы пайда болгон. Анда милиционерлер орус тилин да, казак тилин да билбеген мигрантты кармаган. Кармалган адам тасмада өзбекче сүйлөгөнү менен милиция кызматкерлери аны тажик деп ойлоп, бөлүмгө алып барышат. Аны коридорду сырдап, авто унааны жууганга аргасыз кылышат. Видеонун аягында кармалган киши элчиликке жолду таба албай калган Тажикстандын элчиси экени белгилүү болот.

Видеотасмадан кийин социалдык тармактын тажик колдонуучулары ачууланып, казак бийлигинен муну түшүндүрүүнү талап кылышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости