www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 8-майда Орусия президенти Владимир Путин менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Москвада жолугушту. Бул тууралуу тажик президентинин сайтында кабарланды.

Ага ылайык, эки тараптын жолугушуусунда 29-апрелдеги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал да талкууланган. Анда Эмомали Рахмон «бардык маселени тынчтык жолу менен чечүүгө кызыкдар экенин» белгилеген.

Орус президентинин расмий сайтында эки мамлекет башчынын жолугушуусунда кыргыз-тажик чек арасындагы абал талкууланганы тууралуу жазылган жок. Орус лидери Тажикстандагы орус аскер базасын күчтөндүрүүгө кызыкдар экенин билдирген.

28-29-30-апрелдеги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду, анын ичинде экөө бала. 180ден ашуун адам жаракат алды. Баткен облусунда 70тен ашык жеке турак жай кыйрап, өрттөлүп, мектеп жана чек ара бекети сыяктуу мекемелердин имараттары зыянга учураганы жана аймактагы 58 миңге чукул адам жашаган жерин таштап кетүүгө аргасыз болгону кабарланды.

Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жаракат алганы расмий түрдө жарыяланды. 15 миңге чукул жергиликтүү тургун коопсуз жайларга эвакуация болгону айтылды.

Согд облусунун бир нече айылында 14 турак жай толук бузулуп, эки үй, бир курулуш жарым-жартылай жабыркаганы кабарланды.

Кыргызстандын Чек ара кызматы тажик тарап ок атууну «биринчи баштаган» жана «чек арага кирип келген» деп билдирген. Тажик бийлиги болсо кыргызстандыктарды «башка мамлекетке каршы куралдуу күч колдонгон» деп айыптаган жана кыргыз-тажик чек арасындагы окуяны «агрессия» деп сыпаттаган.

Эки өлкөнүн Башкы прокуратуралары кылмыш ишин ачып, иликтөө жүргүзүүдө. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости