Эмомали Рахмон Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Жеңиш күнү менен куттуктады
Расмий кабарлар  |   |  19034

Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмон Садыр Жапаровду жана кыргызстандыктарды Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 76 жылдыгы менен куттуктады.

«9-май - биздин өлкөлөрдүн заманбап тарыхындагы маанилүү дата. Кыргыз-тажик достук, ынак коңшулук жана кызматташтык мамилелери мындан ары да элдерибиздин түпкү кызыкчылыктарына ылайык өнүгө берет деп ишенем», - деп айтылат Эмомали Рахмондун куттуктоосунда.

Эмомали Рахмон Садыр Жапаровго чын ден-соолук, бакыт-таалай жана жаңы ийгиликтерди, ал эми Кыргыз Республикасынын бардык жарандарына тынчтык, бакубатчылык жана өнүгүү каалады.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями