www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кыргызстандыктарды Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 76 жылдыгы менен куттуктады.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, төмөндө Мамытовдун куттуктоосунун тексти:

«Урматтуу Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана тылда иштегендер!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жеке өзүмдүн атыман улуу майрам - Жеңиш Күнүңүздөр менен чын жүрөгүмөн куттуктайм!

Бул жашоодо Өмүрдөн өткөн баалуу нерсе жоктур...Советтик армиянын жоокерлери 1945-жылы баарыбызга дал ушундай белекти - жашоого, келечекке болгон укукту тартуулашты.

Биз согушуп, окко учуп, адам чыдагыс шарттарда аман калган, ураган-кыйраган өлкөнү кайра калыбына келтирип, бизге жашоо укугун берген кишилердин алдында түбөлүк карызбыз. Бул күнү урматтуу согуштун катышучулары жана тылда иштегендер, Сиздерге башыбызды ийип, Улуу Ата Мекендик согуштун кан майданынан кайтпай калгандарды тизе бүгүп эскеребиз.

Өкүнүчтүү жери, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын катары жыл өткөн сайын суюлуп баратат. Бирок, азыркы муун, өзгөчө, жаштар, өспүрүмдөр тарыхты билүүгө, адамзатты фашизмден куткарган баатырларды унутпай, ал эс-тутумду муундан-муунга өткөрүп берүүгө тийиш.

Биз - Улуу жеңиштин мураскерлери, өткөн согуштун азап-тозокторун башкаларга караганда да көбүрөөк эстеп, адамзатка түбөлүк бир чындыкты - биздин планетадагы жашоо кандай кымбат, ошол эле учурда кандай назик экендигин эске салып турушубуз керек. Советтер Союзунун ар кайсыл улуттагы элдери фашисттик баскынчыларга каршы бир катарда туруп салгылашып, жеңишке жетишти. Анткени, алар улутка, регионго бөлүнүшкөн эмес. Биздин элдердин согуш жылдарында катаал сыноолордон өткөн достугу, ынтымагы жана биримдиги азыркы жана кийинки муундарга үлгү болооруна ишенем.

Урматтуу мекендештер!

Ушул жалпы улуттук майрам күнүндө баарыбыздын көөдөнүбүз Улуу Жеңиш менен сыймактануу сезимине толуп-ташып турат.

Баарыңыздарга чын ден-соолук, узак өмүр, тынчтык жана жакшылык каалайм! Жеңиш Күнүңүздөр менен!»

Булак: NazarNews.kg

Последние новости