www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азырынча Путин Жапаров менен сүйлөшүүнү пландабайт

Азырынча Орусиянын президенти Владимир Путин менен Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун телефон аркылуу сүйлөшүүсү пландалган эмес. Бул тууралуу Россиянын «ТАСС» басылмасына Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.

Ага Путин менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун сүйлөшүүсүнөн кийин жакын арада Садыр Жапаров менен дагы жолугушуу болобу деген суроо узатылган.

«Азырынча графикте жок», - деп жооп берди Песков.

Тажикстандын президенти кечээ, 8-майда Москвага барып, Владимир Путин менен жолуккан. Бүгүн, 9-майда ал Кызыл аянттагы Жеңиш күнүнө арналган парадга катышат.

Эске салсак, буга чейин Песков тажик президентинин иш сапары кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууга чейин эле пландалганын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости