www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

РФ президенти Владимир Путин Россия Тажикстанга Афганистан менен чектеш экенин эске алып ар тараптан колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдиргенин РИА Новости жазды.

Кечээ, 8-майда Россия өлкө башчысы Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту.

«Афганистанда болуп жаткан окуялардан улам аймактагы коопсуздук маселеси курч турат. Тажикстандын Афганистан менен болгон чек арасы узун. Кырдаал сиздин тынчыңызды алып жатканын түшүнөм, негиздүү. Окуя кандай нукта өнүгөрү тууралуу сиздин пикириңиз кызык. Биз өз кезегинде колдоо көрсөтүүгө болгон аракетибизди жумшап жатабыз», — деди Путин.

Ал Тажикстанда Россия Куралдуу күчтөрүнүн 201-базасы жайгашканын, өлкө анын кубаттуулугун арттыруу боюнча иштерди жасап жатканын айтып өттү.

Сөз кезеги келгенде Рахмон Афганистандагы абалга катуу тынчсызданып жатканын белгиледи.

«АКШ Афганистандан аскерин алып чыгарын эске алып коопсуздук маселелерин талкуулоо зарыл. Бул билдирүүдөн кийин өлкөдө кырдаал курчуп кетти», — деди Рахмон.

Президент Тажикстан менен Афганистандын чек арасы 1 300 чакырымдан көп экенин, башкача айтканда, жалпы чек ара тилкесинин 60 пайызын түзөрүн белгилеп өттү. Муну менен бирге Россия менен бардык тармак боюнча, анын ичинде коопсуздук маселеси дагы бар, байланыш бекемделип жатканын кошумчалады.

Андан сырткары, Тажикстандын жетекчиси ЖККУ менен ШКУ уюмдарында төрагалык кылчу мамлекет катары саммиттерге даярдык өз деңгээлинде жүрүп жатканына токтолду.

Жолугушууда Улуу Ата Мекендик согуштун мааниси тууралуу да сөз болуп, тараптар бири-бирин Улуу Жеңиштин 76 жылдыгы менен куттукташты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости