www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров элди Жеңиш майрамы менен куттуктады

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 9-май - Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 76 жылдыгы менен кыргызстандыктарды куттуктады. Анда Жапаров «Жеңиш күнү эрдиктин жана даңктын, тынчтык жана эркиндик үчүн каарман эмгектин символу болуп кала берет» деп билдирди. Президент Улуу Ата Мекендик согушта жеңишке жетүү үчүн кыргызстандыктар зор салым кошконун белгиледи.

«Бүгүнкү күнү биз согуш талааларында жана оорукта жеңишке жетүү үчүн өз жанын аябаган баатырларыбызды терең ыраазычылык жана зор сыймык менен эскеребиз. Бул Улуу Жеңишке сиздер эрдик, каармандык, биримдик жана талыкпас эмгек менен жеттиңиздер. Бул бизге чоң жоопкерчиликти жүктөйт. Биз өлкөбүздүн тынчтыгын, бейпилдигин сактоого, элибиздин байгерчилигине жетишүүгө жана мамлекетибизди бекемдөөгө милдеттүүбүз», - деп айтылат президенттин куттуктоосунда.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров согуш жылдарында башка республикалардан жүз миңдеген адамдар Кыргызстандан түнөк таап, камкордукка алынып, көпчүлүгү калып калганын кошумчалады.

Бүгүн, 9-майда президент Садыр Жапаров Бишкек шаарынын Жеңиш аянтында Жеңиш майрамынын 76 жылдыгына арналган митинг-реквиемге катышты. Анда өчпөс отко гүл коюп, согушта курман болгондорду бир мүнөт аза күтүү менен эскерилди.

Митинг-реквиемге экс-президенттер Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, министрлер Кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов, Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова, президенттин администрациясынын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов катышты.

Тарыхта 1939-жылы башталган Экинчи дүйнөлүк согуштун бир бөлүгү (1941-1945-жж.) Улуу Ата Мекендик согуш деп аталат. Ал согушка ошол кездеги СССРдин курамындагы мамалекет катары Кыргызстандан 360 миңден ашуун адам аттанган. Алардын 114 миңден ашыгы кайтпай калган, 56 миңден көбү дайынсыз жоголгон.​ 150 миңдей кыргызстандык согушта көрсөткөн эрдиктери үчүн түрдүү орден-медалдарга, сыйлыктарга ээ болушкан.

9-май - Экинчи дүйнөлүк согуштун бир бөлүгү болуп саналган Улуу Ата Мекендик согуштун бүткөн күнү Жеңиш майрамы катары белгиленет. Германия менен СССРдин ортосундагы согуш 22-июнда башталып, 1945-жылдын 9-майында СССР жеңишке жеткен. Ал эми Экинчи дүйнөлүк согуш 1939-жылдын 1-сентябрында тутанып, 1945-жылдын 2-сентябрында аяктаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости