www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жеңиш Молдокматов 2 айга камакка алынды

Кечээ, 8-майда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту өткөн жылы парламенттик шайлоого «Замандаш» партиясын жетектеп барган Жеңиш Молдокматовду СИЗО-1 мекемесине камакка алуу тууралуу чечим чыгарды.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Молдокматов 6-июлга чейин камакта болот.

Молдокматов октябрдагы окуяларда массалык башаламандык уюштурган деп шектелүүдө. Молдокматовго биринчи октябрдагы окуяларда УКМКны басып алган деген айып тагылган.

Белгилей кетсек, Молдокматов 6-майда саат 9да дагы бир иш боюнча суракка кирет.

Эске салсак, былтыр 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгынан улам нааразылык чыгып, 5-6-октябрь күндөрү калайман тополоң болгон жана ал бийлик алмашуу менен аяктаган. Митингчилер президент жана парламент отурган имаратты, атайын кызматты, басып алышып, абактарда отурган бир катар саясатчыларды бошотушкан. Кийин алардын көбү кайра камалып, айрымдары качып кеткен.

Өз кезегинде Жеңиш Молдокматов соңку парламенттик шайлоодо «Замандаш» партиясын жетектеп барган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости