www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялаган кытайлык ТБЕА ишканасы эки жыл мурун Тажикстанга жаңы ЖЭБ куруп берген.

Тажикстандык журналист Абдулло Ашуров "Азаттык" менен болгон маегинде коңшу өлкө бул долбоорду кантип ишке ашырганын жана кытайлык компанияга эмне милдеттер тагылганын айтып берди.

- Кытайдын ТБЕА компаниясы ("Tabian Apparatus StocCo" - TBEA) Тажикстанда узактан бери иш жүргүзүп келатат. 2000-жылдардан тартып бул компания өлкөнүн борбору менен түндүгүн бириктирген эң чоң электр түйүнүн - ЛЭПти кура башташкан. Өзбекстан аймактык энергетикалык шакекчеден чыкканча өлкөнүн түндүгү менен борбор Душанбенин байланышы жок эле. Душанбеде эки энергоблоктон турган ЖЭБдин курулушу 2012-жылы башталган. Биринчи блок 100 МВт, ал эми экинчиси 300 МВт энергия өндүрөт. Кытайлар биринчи блокту эки жылда, экинчи блокту бир жылда салып бүтүшкөн.

Тажикстан энергия тартыштыгынан катуу жабыркады. Алты айдай өлкө калкынын 70% эч жылуулугу жок отурчу. Ал маалда суткасына 5-6 саат гана электр жарыгы берилчү. Ошол көйгөйдөн улам Душанбеде ЖЭБ куруу жөнүндө чечим кабыл алынган. Советтер Союзунун тушунда курулган жылуулук борборлору Өзбекстан газ бербей койгондон кийин токтоп калган.

Шаардагы борборлордун үчөө табигый газ, бирөө мазут жакчу. Газды болсо Өзбекстандан сатып алчубуз, соңку кезде анын баасы кымбаттап, маселе саясатташып кеткен. 2012-жылы тажик бийлиги Ташкент менен макулдаша албай коюп, бизге такыр газ сатпай коюшкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости