www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстанда 2018-жылдын аягына чейин Рогун ГЭСинин үч агрегаты ишке кириши мүмкүн. Бул тууралуу парламенттин төмөнкү палатасынын депутаты Баходур Акрамзода билдирди.

Акрамзода жакында Тажикстан президент Эмомали Рахмон менен гидроэлектростанциянын курулушун жеринде көрүп келген. Анын айтымында, Харьков шаарынан келген 200 адис ГЭСтин эки агрегатын монтаждап жатышат. 70 чакырымга созулган өтмөктөр салынып бүттү. Аскалуу жердин алдында орун алчу алты гидроагрегаты бар залдын курулушу аяктоодо.

Депутаттын айтмында, Рогун ГЭСине акча жетпейт деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Курулуш жана алгачкы агрегаттар үчүн тиешелүү каражат бөлүнгөн.

Буга чейин Salini Impregilo (Италия) инженердик-курулуш компаниясы 2018-жылы Рогун ГЭСинин алгачкы эки агрегаты бүтөрүн маалымдаган. Италиялык компания менен Тажикстан 3,9 миллиард долларлык келишимге кол койгон. Суу сактагычтын плотинасын куруу үчүн эле 1 миллиард 950 миллион доллар керек.

Тажикстанда электр энергиясы тартыш, сентябрдан апрелге чейин айрым аймактарга суткасына 4-5 саат гана электр энергиясы берилет.

Рогун ГЭсинин курулушуна Өзбекстан каршы чыгып, бул аймактагы экологиялык алааматтын себепкери болорун айтып келет.

Булак: "centralasian.org"

Последние новости