www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) Тоолуу Бадахшан автоном облусуна караштуу Рушан районунун 46 жашоочусун "кылмыштуу жана экстремисттик-террордук топтордун" мүчөсү деп тапты.

Митингдерге катышкан ал тургундар азыр камакта. Шектүүлөрдүн жакындары алар карапайым жашоочулар экенин, кайсы бир кылмыштуу топко катышы жоктугун айтышууда.

Тажикстан ИИМинин сайтына алгач 19 кишинин аты-жөнү жарыяланып, кийинчерээк ага дагы 27 киши кошулган. Маалыматта алардын сүрөтү кошо тиркелип, үйлөрүндө тинтүү жүргөнү жана ок-дары, курал-жарак табылганы айтылган.

Жалпысынан алганда кармалгандар Холбаш Холбашев, Ёдгор Гуломхайдаров жана Кулмахмад Паллаев жетектеген топтордун мүчөлөрү деп белгиленген. Жергиликтүү тургундар Холбашев менен Гуломхайдаров чек ара кызматынын жана өзгөчө кырдаалдар комитетинин офицерлери болгонун билдиришүүдө.

Тизмеде Холбашев "уюштурган кылмыштуу топтун" мүчөлөрү катары Саидаброр Шодавлатов менен Сарбаланд Холбашевдин да аты аталган. Рушандын жашоочуларынын бири Сарбаландды жакшы тааный турганын, ал Холбашевдин агасы экенин айтты.

"Ал күнүмдүк жашоосу менен алек, кадыр-барктуу адам. Террорист эмес. Холбаш Холбашевди Рушандын бардык жашоочулары сыйлайт", - деди ал.

ИИМ жарыялаган сүрөттөрдө айрымдарынын бети-башы көгала болгонун көрүүгө болот. Кармалгандар негизинен 24-53 жаштагы адамдар.

Бул арада аймактагы ондогон адамдын дайыны чыкпай жатканы айтылууда. "Озоди" радиосу кеминде эки булакка шилтеме кылып жазгандай, үч күн мурда Душанбе шаарынан Тоолуу Бадахшанды көздөй жол тарткан 17 кишинин кайда экени белгисиз. Мындан тышкары тажик оппозициясынын талаа командири Мирзо Зиёевге ыктаган топтордун мурдагы командирлеринин бири Ёдгор Гуломхайдаровдун жана анын 20дай тарапташынын тагдыры тууралуу да маалымат жок.

Күч түзүмдөрүнө жакын булактар "Озоди" радиосуна билдиргендей, Тажикстандын жети ОМОН кызматкери да Тоолуу Бадахшандын Рушан районунан анча алыс эмес жерде дайынсыз жоголгон.

Расмий маалыматка ылайык, Тоолуу Бадахшанда 16-майда нааразылык билдирген топ менен күч кызматкерлеринин кагылышуусунда жергиликтүү бир тургун, 18-майда бийлик "антитеррордук операция" деп мүнөздөгөн Рушан районундагы окуяда тогуз митингчи жана бир офицер каза тапкан. "Озоди" радиосунун булактары бейшембидеги кагылышууда 21 адам өлгөнүн билдиришкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости