www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Зеленский согуш кандай аяктаарын айтып берди

Орусиянын Украинага каршы согушу көптөгөн адамдардын өлүмү жана көптөгөн украиналык үй-бүлөлөрдүн азап чегиши менен аяктайт. Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский видео кайрылуусунда билдирди.

Тактап айтканда, ага Орусиянын президенти Владимир Путин менен тынчтык келишимине кол коюуга үмүт барбы деген суроо берилген.

Украинанын президенти согуштун кандай аяктаганы тууралуу мындай деди:

«Биздин согуш кантип бүтөт? Чынын айтсак – көп үй-бүлөлөрдүн азабы, көп адамдардын өлүмү, тууган-уруктарынан жана жакындарынан чоң жоготуу, балдарынан да көп жашаган ата-энелердин азаптары менен бүтөт» - деди Зеленский.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости