www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстанда Жогорку Сот коррупция тууралуу "Менин жашоомдогу окуя" аттуу китептин автору, "Ибн Сина" клиникасынын ээси Абдухалил Холикзоданы 6,5 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу Озоди радиосу кабарлады. Ага ылайык, ишкерге жардамдашкан адабий сынчы Абдукодир Рустам 4,5 жылга, ал эми китеп басылып чыккан "Эр Граф" басмаканасынын директору Сухроб Раджабзода бир жылга кесилди.

Үчөөнө тең Кылмыш-жаза кодексининдеги социалдык, улуттук, аймактык жана диний кастыкты козутуу беренеси менен айып коюлган.

Абдухалил Холикзода китебинде Тажикстандагы коррупция жана начар бизнес чөйрө тууралуу ачык жазган. Соңку 25 жылдын ичинде маданияттуулуктун жана билим берүүнүн деңгээли түшүп кеткенин белгилеп, буга байланыштуу бийликти күнөөлөгөн.

Соттук угуулар убактылуу кармоочу жайда болгон жана мындан улам жабык өткөн. Соттун чечими тууралуу дагы ачык маалымат берилген эмес.

Ишкер Холикзода 2023-жылы август айынын башында кармалган, ал эми Абдукодир Рустам менен Сухроб Раджобзода андан көп өтпөй камалган. Тергөөчүлөр "Эр-Риф" басмаканасына мөөр чаптап кетишкен.

Өлкөнүн башкы прокурору, тажик президенти Эмомали Рахмондун кудасы Юсуф Рахмон Холикзоданы "тажик элин кемсинтүүгө, адамдар арасында кастыкты козутууга, өлкөнүн коопсуздугуна жана туруктуулугуна шек келтирүүгө" байланыштуу айыптаган.

Камалгандар күнөөсүн мойнуна алган эмес жана аны саясий куугунтук катары сыпатташкан.

Өткөн айда Transparency International эл аралык уюму дүйнөнүн 180 өлкөсүндөгү коррупциянын индексин жарыялаган. Жаңы баяндамада Тажикстандын рейтинги мурдагы жылга салыштырмалуу төрт баскычка начарлап, 162-орунга жайгашкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости