www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбор шаардагы Түштүк магистралда жеңил машина жөө кишилер өтчү жерден эки өспүрүмдү сүзүп кетти.

Окуя 22-февралда, Түштүк магистралда, 10-кичи райондун аймагында болгонун Кайгуул милициясынан билдиришти.

Жабыркаган 12 жана 15 жаштагы өспүрүмдөр ооруканага жеткирилген, ал эми балдарды коюп кеткен айдоочу 59 жаштагы эркек киши экени аныкталган.

Иликтөө иштери, экспертиза жүргүзүү башталып, Toyota Prius автокөлүгү айып короого токтотулган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости