www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абад шаарында беш электробус каттамга чыгып жатат. Буга чейин мэрия он электробус сатып алуу үчүн жалпысынан төрт жолу тендер жарыялаган. Төртүнчү жолкусунда гана жеңүүчү компания аныкталып, шаарга Shuchi үлгүсүндөгү электр энергиясы менен жүргөн беш автобус алынган. Бул автобустар 26 орунга ылайыкталган жана бир жолку электр кубаты 250 чакырымга чейин жетет.
"Бул автобустар 2023-жылдын декабрь айында чыгарылган. Калган дагы беш электробус алдыңкы күндөрү келет", - деп айтылат маалыматта.
Мэриянын маалымдашынча, электр кубаттагычы менен кошо он автобус үчүн 118,5 миллион сом жумшалган. Каражаттын 100 миллион сому республикалык бюджеттен бөлүнгөн.
Буга чейин Бишкекке келген газ менен жүрүүчү автобустардын 50сү Жалал-Абадга белек катары жөнөтүлгөн. Бирок шаарда метан газ куюучу станция жок болгондуктан Өзбекстанга барып газ куюп келип каттап жаткан, бирок бир канча жолу токтоп калган. Бул автобустар ушул тушта дагы жүрбөй турат.
Өзбекстандык инвесторлор Сузак районунун аймагына метан газ куюучу станция куруп жатканы айтылган.
Шаарга акыркы жолу 2010-жылы Кытайдан 17 автобус алынып келген. Анын ичинен 10 автобус бузулуп, 7 автобус гана иштеп жаткан.
Булак: NazarNews.kg