www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Буга чейин Тажикстандын Чек ара кызматы маалымат таратып, анда 27-май күнү саат 11:55тер чамасында Баткендин Ак-Сай айылынын тургуну Саат Бактыбеков тажикстандык жаран Мутабархонум Шаропованы көздөй мылтыктан ок атканын, натыйжада келин оң далысынан жаракат алып, ооруканага түшкөнүн кабарлаган. Тажик Чек ара кызматынын билдирүүсүндө: «Кыргызстандык жарандын бул аракети эки өлкөнүн чек арасындагы кырдаалдын туруктуулугун жасалма бузуу аракети катары бааланат. Бул аракет чектеш аймакта жашаган тажик элинин жооп иретиндеги реакциясына алып келиши да ыктымал»,-деп жазылган.

Ал эми Тажикстандын Чек ара кызматынын билдирүүсүндө аты аталган Саатбек Бактыбаев бул маалыматты четке кагууда. Ал түшкө чейинки убакытта жакында чек арада ок тийген жээнинин үйүндө түлөөдө болгонун, мергенчилик эмес, дегеле эч кандай куралы жок экенин «Азаттыкка» 27-майда билдирген.

Кыргызстандын жараны Тажикстандын жаранына карата ок атты» деген билдирүүсү боюнча иш жүрүп жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Абдикарим Алимбаев кабарлады. Анын маалыматына караганда билдирүүдөн кийин аймактагы кыргыз-тажик чек арачылары жолугушуп, кырдаалды талкуулашты.

Эске салсак, куралдуу чыр-чатак кыргыз-тажик чек арасында маал-маалы менен болуп турат. 8-майда чыккан чатакта Кыргызстандын үч жоокери жарадар болгон. Алардын бири оор абалда Бишкекте ооруканада жатат. Тажик тарап бул окуяда эки жараны жараат алганын билдирген.

24-майда Кыргызстандын Ак-Сай айылы менен Тажикстандын Ворух айылы чектешкен Сунган-Баба деген жайлоодо да чыр чыгып, атышуу болгон. «Азаттыктын» тажик кызматы андан Тажикстандын чек арачысы жарадар болгонун жазды. Кыргыз тараптан жарадар болгондор жок.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы 970 чакырым. Мунун ичинен 519 чакырымы такталган, калганы талаштуу бойдон турат. Талаштуу тилкелер Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондорунун Тажикстан менен чектешкен аймактарында. Бул жерлерде жайыт, жер, сугат суу талашынан улам эки элдин ортосунда чыр-чатак көп чыгат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости