www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажик-афган чек арасында куралдуу кагылышуу болуп, кеминде үч адамдын өмүрү кыйылганы кабарланды. Бул тууралуу бир нече чет элдик булактар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, окуя 24-декабрда Шамсиддин-Шахин районунун Бахорак аймагында болгон. Тажикстан тараптан 28 жаштагы Исматулло Курбонов жана 33 жаштагы Зиребон Наврузбеков аттуу эки офицер каза тапкан.

Маалыматтарга караганда Афганистан тараптан да бир нече адам өлүп, бирөө кармалганын билдирген. Бирок бул маалымат расмий түрдө тастыктала элек.

Маалым болгондой, куралдуу кагылышуу Тажикстан Афганистан менен чек арада төрт жаңы чек ара постун пайдаланууга берген күнү болгон.

Ал эми афгандык «Хашти субх» басылмасы тажик күчтөрүнүн жооп иретиндеги огунан Афганистан тараптан эки куралчан адам набыт болгонун жазды.

25-декабрдын таңында Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети чек арадагы куралдуу окуяны расмий тастыктады.

Последние новости